• Башкы бет
  • Аргентина курамасы үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду
01:12, 2022-ж., 19-декабрь

Аргентина курамасы үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Аргентина курамасы үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Аргентинанын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык таймашында Франция курамасын пенальтилер сериясында утуп, жеңишке жетишти. 

Оюн Катар өлкөсүнүн "Лусаил" стадионунда болуп, анда түштүк америкалыктар өз тарыхындагы үчүнчү  чемпиондугун белгилешти.

Таймаштын биринчи бөлүгүндө 11 метрлик айып соккусунан кийин Лионель Месси гол киргизсе, экинчи голду каршы чабуулда Анхель Ди Мария киргизди.  Бирок, оюндун экинчи бөлүгүндө француздардын чабуулчусу Килиан Мбаппе пенальтиден гол киргизип, андан кийинки кооптуу учурдагы соккусу да  дарбаза торунан орун алды.

Оюндун негизги убактысында жеңүүчү аныкталбагандыктан кошумча таймдардын 30 мүнөтү кошулду. Ошентип, кошумча таймдын экинчи жарымында Месси гол киргизип, командасын алдыга алып чыкса, көп узабай Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе гол киргизип, эсепти теңеди. 

Кезек пенальтилер сериясына жетип, Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинестин укмуштуудай оюнунан кийин Аргентина курамасы  үчүнчү ирет чемпиондугун майрамдоого киришти.

Оюндун жүрүшүндө чемпионаттын "Эң жаш мыкты футболчусу" деп Аргентинанын жарым коргоочусу Энцо Фернандес аталса, Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе "Эң көп гол киргизген" футболчу наамына татыды.

Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинес "Мыкты дарбазачы" наамына ээ болгон болсо, анын командалашы Лионель Месси чемпионаттын "Мыкты футболчусу" деген наамга татыды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аргентина #Франция #ФИФА #Катар-2022

Комментарийлер

live comments feed...