• Башкы бет
  • Ош: Мэр таза суу боюнча долбоор менен таанышты
16:23, 2022-ж., 17-декабрь
Ишенимдүү булак

Ош: Мэр таза суу боюнча долбоор менен таанышты

Ош: Мэр таза суу боюнча долбоор менен таанышты

Бүгүн, 16-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ошшаарсууканал”ишканасынын бир катар объектилерине: “Плотина” суу алуучу тосмосуна, “Озгур”суу тазалоочу станциясына барып, ал жердеги абалды көрүп чыкты.

Ошондой эле №7 насостук станцияга барып, шаардын ар кайсы кичи райондоруна 12 скважина уюштуруу боюнча сунушталып жаткан долбоор менен таанышты. Долбоор жаан-чачын, суу ташкындары учурунда тургундарга сууну үзгүлтүксүз жеткирүү маселесин чечүүгө багытталган. Андан сырткары калаа аймагында 40ка жакын скважина бар экени, аларды изилдөө зарылдыгы айтылууда. 

Кыдыруунун жыйынтыгы менен Б.Жетигенов нөшөрлөгөн жамгырда калкты суу менен камсыз кылуу маселеси эң актуалдуу экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ишке ашыруунун алкагындагы аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...