• Башкы бет
  • Кыргызстандыктар январда 7 күн эс алышат
16:16, 2022-ж., 17-декабрь

Кыргызстандыктар январда 7 күн эс алышат

Кыргызстандыктар январда 7 күн эс алышат

Кыргызстанда 1-январдан 8-январга чейин эс күндөрү деп жарыяланды. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Бул аралыктагы иш күндөрү 9-январь, 25-февраль, 11-март, 25-марттагы дем алыш күндөрүнүн эсебинен толукталат.

Кыргызстанда 1-январь Жаңы жыл, 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү катары жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп эсептелет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эс алуу

Комментарийлер

live comments feed...