• Башкы бет
  • Аксы: көмүр кендерди иштеткен компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды
16:05, 2022-ж., 17-декабрь

Аксы: көмүр кендерди иштеткен компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды

Аксы: көмүр кендерди иштеткен компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды

Жалал-Абаддын Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр кенди иштеткен жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу 17-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагазы жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 477 миң 723 сом зыян келтирилген.

Жеке компаниялар өз ыктыяры менен 2 миллион 205 миң 715 сомду мамлекеттин эсебине кайтарып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду. Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аксы району

Комментарийлер

live comments feed...