• Башкы бет
  • Бишкекте бүгүн жаңы жылдык балаты жандырылат
13:51, 2022-ж., 16-декабрь

Бишкекте бүгүн жаңы жылдык балаты жандырылат

Бишкекте бүгүн жаңы жылдык балаты жандырылат

Бүгүн борбордук «Ала Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылат.

Балатыны жасалгалоого 8 миң км жакын гирляндылар, 2,3 км дюралайт илинген. Башкы балатынын узундугу 25 метр, диаметри 5 метр.

Борбордук аянтты кооздоо үчүн светодиоддуу жарыктандыруусу бар инсталляциялар, бугу, бүркүт, барс жана аттын архитектуралык формалары,  кичинекей балаты, дарактар жана «2023» деген жазуу орнотулду.

Белгилей кетсек, борбордук аянттагы балаты быйыл чоң фонтандын ордуна орнотулду. Буга чейин «Манастын» айкелинин жанына коюлуп келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаңы жылдык балаты

Комментарийлер

live comments feed...