• Башкы бет
  • Дүйнөлүк чемпионаттын финалына Шимон Марциняк калыстык кылат
13:48, 2022-ж., 16-декабрь

Дүйнөлүк чемпионаттын финалына Шимон Марциняк калыстык кылат

Дүйнөлүк чемпионаттын финалына Шимон Марциняк калыстык кылат

Польшанын футбол федерациясынын расмий сайты билдиргендей, чемпионаттагы чечүүчү беттешти польшалык калыс Шимон Марциняк калыстык кылат.

Марциняка Павел Сокольницкий жана Томаш Листкевич жардамчы калыс болот.

Буга чейин, Марциняк финалда беттеше турган командалардын ар биринин оюндарына калыстык кылып келген. Тайпалык баскычтын 2-турунун оюнунда Франция менен Даниянын оюнунда иштесе, 1/8 финалда Аргентина жана Австралиянын беттешинде дагы  калыстык кызматын кылган.

Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрь күнү Франция менен Аргентинанын ортосунда болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шимон Марциняк

Комментарийлер

live comments feed...