• Башкы бет
  • Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү эскертти
13:43, 2022-ж., 16-декабрь

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү эскертти

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү эскертти

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерге 10-январга чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү эскертти.

Былтыр 29-декабрга чейин Орусияга барган кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

1-январдан 8-январга чейин Орусияда жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыяланган. Бул күндөрү көпчүлүк кызматтар иштебегендиктен элчилик милдеттүү процедуралар өтө турган жерлерге барууну эс алуу күндөрүн эске алып пландоону эскертти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мигранттар

Комментарийлер

live comments feed...