• Башкы бет
  • Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы мурдагыдан көп үйлөрдү куруп баштайт
13:41, 2022-ж., 16-декабрь

Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы мурдагыдан көп үйлөрдү куруп баштайт

Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы мурдагыдан көп үйлөрдү куруп баштайт

15-декабрда мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анын алкагында шаар башчысы Көкүмбий, Курманжан-Датка көчөсүндөгү объектилерди кыдырып, ошондой эле үлүштүк курулуш программасы боюнча курулуп жаткан Тилеке-Баатыр, Набережная көчөсүндөгү үйлөр менен таанышты.

Б.Жетигенов Ош шаарында суроо-талап көп болгондуктан, элге шарт түзүү максатында ипотекалык программанын жана үлүштүк курулуштун алкагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу муниципалдык ипотекалык программанын алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоого даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...