• Башкы бет
  • Чаткалда дайынсыз болуп жаткан 3 адам табылды
13:31, 2022-ж., 16-декабрь

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан 3 адам табылды

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан 3 адам табылды

Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылганын 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу унаа менен чыгып, аларды таап келишкен. Учурда баарынын абалы жакшы.

Чаткалда алтын кени казылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чаткал

Комментарийлер

live comments feed...