• Башкы бет
  • Катар-2022: Финалда Аргентина менен Франция ойнойт
13:37, 2022-ж., 15-декабрь

Катар-2022: Финалда Аргентина менен Франция ойнойт

Катар-2022: Финалда Аргентина менен Франция ойнойт

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Аргентина менен Франциянын командалары ойношот.

Дүйнөлүк чемпионаттын чечүүчү финалдык оюну 18-декабрда 80 миң көрүүчүнү батырган «Лусаил» стадионунда өтөт.

Буга чейин, командалар 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында беттешкен. Анда француздар 4:3 эсебинде Аргенинаны утуп, андан соң дүйнө чемпиону болушкан.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Ал эми, 17-декабрда эл аралык “Халифа” стадионунда 3-орун үчүн Хорватия менен Марокконун курама командалары беттешет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Футбол

Комментарийлер

live comments feed...