• Башкы бет
  • Оштун мэри В. Терешкова мектебинин 700 орундуу корпусунун долбоору менен таанышты
13:34, 2022-ж., 15-декабрь

Оштун мэри В. Терешкова мектебинин 700 орундуу корпусунун долбоору менен таанышты

Оштун мэри В. Терешкова мектебинин 700 орундуу корпусунун долбоору менен таанышты

14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү шаардык жана муниципалдык кызматтардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында болуп, анда 700 орундуу жаңы окуу корпусунун имаратынын жана 500 орундуу жатакананын курулуш долбоору менен таанышты.

Тиешелүү кызматтарга бардык керектүү объектилерди жана жайларды камтуу үчүн долбоорду деталдуу иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мында футбол, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлар курулат. Курулуш иштеринин жалпы аянты 4,3 миң кв метрден ашык. Бул долбоордун үстүндө иш келерки жылы башталмакчы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...