• Башкы бет
  • Б.Жетигенов: Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулат
13:31, 2022-ж., 15-декабрь

Б.Жетигенов: Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулат

Б.Жетигенов: Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулат

14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына барды.

Ишкананын ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы менен таанышуунун алкагында мэр гаражды, күнөсканаларды, Кара-Кысмак участкасындагы гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү иштери башталган питомникти кыдырып чыкты.

Б.Жетигенов келерки жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн айта кетсек, ишкананын кызматкерлеринин жалпы саны 330 адамдан ашат, 26 атайын техника бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...