• Башкы бет
  • Орусиянын Оштогу консулу мэр менен жолукту
15:37, 2022-ж., 14-декабрь

Орусиянын Оштогу консулу мэр менен жолукту

Орусиянын Оштогу консулу мэр менен жолукту

Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Россиянын шаарлары менен боордош шаар мамилелерин өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле шаардын социалдык инфраструктурасын, атап айтканда, билим берүү, маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Жолугушуу жылуу маанайда уланып, жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош

Комментарийлер

live comments feed...