• Башкы бет
  • Бишкекте президент катышкан футбол мелдеши башталды
15:34, 2022-ж., 14-декабрь

Бишкекте президент катышкан футбол мелдеши башталды

Бишкекте президент катышкан футбол мелдеши башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча «Мурас” достук турнири башталды. Ага 16 команда катышып жатат.

Оюндар «Газпром балдарга» дене тарбия — ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Таймаш 15-декабрда жыйынтыкталат.

Ага депутаттар, футбол ардагерлери, журналисттер, дин өкүлдөрү, судьялардан турган 16 команда катышууда:

А тайпасы: «Президенттин командасы”, «Фемида”, «Журналисттер”, «Спорттук федерациялар”.

В тайпасы: «Жогорку Кеңеш”, «Коопсуздук”, «Достук”, «Бизнес”.

С тайпасы: «Алга”, «Элчилер”, «Спорт Жылдыздары”, «Билим”.

D тайпасы: «Ыйман”, «Өнөр”, «Аймактар”, «Ден-Соолук”.

Иш чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Биринчи турнир 4-5-майда өтүп, президенттин администрациясынын командасы биринчи орунду жана 1 млн сомдук сертификатты жеңген. Ал каражат кайрымдуулукка жумшалганы айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мурас

Комментарийлер

live comments feed...