• Башкы бет
  • Украинанын бир катар аймактары учкусуз учактардын кол салуусуна кабылды
15:29, 2022-ж., 14-декабрь

Украинанын бир катар аймактары учкусуз учактардын кол салуусуна кабылды

Украинанын бир катар аймактары учкусуз учактардын кол салуусуна кабылды

14-декабрда эртең менен Украинанын үч облусунда – Киевде, Житомирде жана Винницада аба соккусунан эскерткен сирена жаңырды. Социалдык тармактарда жардыруулардын үнү Киевде жана Украинанын баш калаасынын чет жакаларында угулганы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Жардыруу шаардын Шевченко районунда болгонун Киевдин мэри Виталий Кличко өзүнүн Telegram каналында тастыктады.

Киев облустук аскер администрациясынын башчысы Алексей Кулеба абадан коргонуу иштеп жатканын айтып, тургундарды баш калкалоочу жайларда болууну суранды.

Баштапкы маалыматтар боюнча, учкучсуз учактардын биринин сыныктары Шевченко районундагы эки административдик имаратка зыян келтирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эртең мененки корутундусуна ылайык, өткөн суткада орус аскерлери Украинага бир авиациялык, 11 ракеталык сокку урган, анын үчөө жарандык инфраструктурага жасалды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Украина

Комментарийлер

live comments feed...