• Башкы бет
  • Жо Байден бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамга кол койду
15:24, 2022-ж., 14-декабрь

Жо Байден бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамга кол койду

Жо Байден бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамга кол койду

АКШнын президенти Жо Байден шейшемби күнү бир жыныстуу жана расалар аралык никени мыйзамдаштырган "Никени сыйлоо мыйзамына" кол койду.

"Бүгүн эң сонун күн! Америка айрымдар үчүн гана эмес, бардыгы үчүн теңдик, эркиндик жана адилеттикке карай чоң кадам таштаган күн", - деди Жо Байден кол коюу аземинде. Мыйзам долбоорун мурда Конгресстин эки палатасындагы мыйзам чыгаруучулардын басымдуу көпчүлүгү жактырган.

1996-жылы Конгресс никени аял менен эркектин союзу катары аныктаган "Никени коргоо мыйзамын" кабыл алган. Жо Байден ошол кезде сенатор болуп турганда ага добуш берген. Бир нече жылдан кийин штаттар бир жыныстуулардын союздарын, кийин никени мыйзамдаштыра баштаган.

2015-жылы Жогорку сот америкалыктардын бир жыныстуу никеге туруу укугу өлкөнүн Конституциясында корголот деп чечкен. Бирок бул укук мыйзамда бекемделген эмес эле. Мыйзам штаттарга бир жыныстуу никелерди каттабай коюу эркиндигин калтырат, бирок аларды башка штаттарда жасалган бир жыныстуу никелерди таанууга милдеттендирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#АКШ

Комментарийлер

live comments feed...