• Башкы бет
  • Испан калысы Аргентина жана Нидерландынын оюнунан кийин чемпионаттан четтетилди
14:03, 2022-ж., 13-декабрь

Испан калысы Аргентина жана Нидерландынын оюнунан кийин чемпионаттан четтетилди

Испан калысы Аргентина жана Нидерландынын оюнунан кийин чемпионаттан четтетилди

Испаниялык калыс Антонио Матеу Лаос  Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, калыс турнирдин калган төрт беттешине калыстыгын кыла албайт. Ал Испанияга кайтып кеткени маалым болду.

Лаос 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина менен Нидерландиянын беттешин башкарып, пенальтиден Лионель Скалони командасынын 4:3 эсебинде жеңиши менен аяктаган.

Калыс бул жолугушууда 17 сары жана бир кызыл айып кагазын  көрсөтүп, дүйнөлүк чемпионаттар үчүн рекорд койгон.

Оюндан кийин эки команданын өкүлдөрү калыстын ишине нааразылыгын билдирип чыгышкан. Лаос Дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычындагы оюндарда иштеген.

Ал Катар менен Сенегалдын (1:3), ошондой эле Иран менен АКШнын (0:1) ортосундагы жолугушууларды тейлеген.

13-декабрь жарым финалда Аргентина Хорватия менен беттешет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Матеу Лаос

Комментарийлер

live comments feed...