• Башкы бет
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине экинчи тик учак сатып алынды
14:49, 2022-ж., 12-декабрь

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине экинчи тик учак сатып алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине экинчи тик учак сатып алынды

Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине экинчи жаңы Airbus H145 тик учагы сатып алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Учакты өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда сыноодон өткөрдү.

Бул тик учак Германиядан республикалык бюджеттин эсебинен алынган. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

«Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган» — деп айтылат маалыматта.

Жаңы техникада жеке жана юридикалык жактар белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Ал каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Кыргызстанга 2023-жылы Орусиядан гранттык негизде МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак келиши күтүлүүдө.

16-декабрда экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганы маалым болгон. Кийин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тик учагын жеке жактар дагы ижарага ала алышарын жана бул кызматка белгиленген атайын баалар бар экенин айткан. Министрликтин маалымат кызматы тик учактын ижара акысы саатына 2300 доллар экенин ачыктаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тик учак

Комментарийлер

live comments feed...