• Башкы бет
  • Жаңы жылга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге документтер берилет
12:59, 2022-ж., 10-декабрь

Жаңы жылга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге документтер берилет

Жаңы жылга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге документтер берилет

Кыргызстанда 31-декабрга чейин жарандарга мамлекеттик каттоо жана документтештирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча мобилдик топтор иштейт. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Мобилдик топтор 8- декабрда иштей баштаган. Бул өнөктүк менен декабрь айынын соңуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жери боюнча бардык керектүү каттоо кызматтарын ала алышат. Мобилдик топтор өлкөнүн бардык аймактарында жарандардын жашаган жерине барып төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

§паспортко документтерди кабыл алуу;

§жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (туулууну каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүктөрдү берүү;

§«Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу;

§жарандарды жашаган жери жана жүргөн жери боюнча каттоо;

§чет өлкөлүк жарандарды каттоо;

§жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу;

§биометрикалык маалыматтарды каттоо;

§ошондой эле, жеке идентификациялык номерди текшерип, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алууга болот.

Бул иш Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Мобилдик топтор Департаменттин аймактар ​​аралыкбөлүмдөрүнүн, «Инфоком»МИжана«Кыргызпочтасы»АКкызматкерлеринентүзүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Документтештирүү

Комментарийлер

live comments feed...