• Башкы бет
  • "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу боюнча талаа иштери жыйынтыкталды
12:55, 2022-ж., 10-декабрь

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу боюнча талаа иштери жыйынтыкталды

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу боюнча талаа иштери жыйынтыкталды

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча талаа иштери аяктаганын бүгүн 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, ал кытайлык адистер тобу темир жол курула турган аймактарда жеринен иш жүргүзүп бүткөнүн, жакынкы арада техникалык-экономикалык негиздемелер Кыргызстандын жана Өзбекстандын адистерине экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилерин айтты.

Мамлекет башчысы Жапаров бул долбоор “Бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизет жана Кытай төрагасы Си Цзинпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашыруудагы маанилүү звено болуп калат" деп белгиледи.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан

Комментарийлер

live comments feed...