• Башкы бет
  • Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү таратты
12:53, 2022-ж., 10-декабрь

Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү таратты

Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү таратты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитинин жыйынтыгында биргелешкен билдирүү жарыялашты. Анын тексти “Кабар” улуттук агенттигинин сайтына коюлду, деп жазат "Азаттык".

Биргелешкен билдирүүдө лидерлер эки өлкө маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында кызматташары белгиленген. Мамлекет башчылар заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар дүйнөдө туруктуулукту сактоодо маанилүү экенин белгилеп, аны тескери максатта колдонуу жарандарга, коомго жана мамлекетке коркунуч жаратып жатканын келтиришет.

“Мамлекет башчылар кайсы бир мамлекеттерге карата компьютердик чабуулдар болуп жатканы тууралуу далилсиз айыптоолор тарап жатканына байланыштуу камтамачалыгын билдирет. Кыргыз Республикасынын президенти жана Орусия Федерациясынын президенти бардык эл аралык коомчулукту маалыматтык сферадагы карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат жана бул көйгөйгө байланыштуу бардык мамлекеттер менен диалогго даяр экенин белгилешет”, – деп жазылган билдирүүдө.

Жапаров менен Путин мамлекеттер ортосундагы жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүнү кубатташарын билдирип, өлкөлөрдүн суверенитети жана аймактык бүтүндүгүнүн кол тийбестиги, ички иштерге кийлигишүү болбошу керектигин такташат. Алар муну менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун алдында атайын универсалдуу норма жана эрежелерди иштеп чыгууну сунуштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...