
13:19, 2022-ж., 9-декабрь
Ошто гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк компаниясы жүрүүдө

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк кампаниясы жүрүүдө. Акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырат. Глобалдык кампания жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюунун Эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин уланат.
Ош шаарында жарыяланган акциянын алкагында лидер айымдар, ишмердүүлүктүн ар кыл тармагынын өкүлдөрү аялдарга карата басмырлоонун жана зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотууга багытталган жамааттык аракеттерди активдештирүүгө чакырышат.
Акциянын жүрүшүндө жаштар, студенттер, спортчулар арасында аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюуга багытталган маданий иш-чаралардын комплекси пландаштырылган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер