14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандан Азербайжанга 100 баш топоз жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 100 топоз 115 миң долларга бааланган. Анда Кыргызстандын «Сактан» кооперативи, «Агросервис» компаниясы менен Азербайжан тараптын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ветеринардык кызмат тарабынан малды экспорттоого керектелген документтер даярдалган.
Министрлик бул президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын апрель айында Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын бири болгонун кошумчалаган.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январына карата өлкөдөгү топоздордун жалпы саны 53,9 миң башты түзгөн. Беш топоз чарбада 1543 баш асыл тукум топоз катталган.
Комментарийлер