• Башкы бет
  • Кыргызстан металл экспорттоону көздөөдө
13:09, 2022-ж., 9-декабрь

Кыргызстан металл экспорттоону көздөөдө

Кыргызстан металл экспорттоону көздөөдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Лондондун баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) президенти Пол Фишер, уюмдун аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстанда өндүрүлгөн баалуу металлдарды дүйнөлүк, анын ичинде британ базарына чыгаруу маселеси талкууланды. Кыргыз тарап алтынын дүйнөлүк рынокто сатууга жана соода-экономикалык кызматташтыкты көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Кыргызстандан барган делегацияга LBMAнын адистери жалпы рыноктын катышуучуларынын талаптарын айтып берди.

Кыргызстандан делегация LBMAнын чакыруусу менен 7-декабрда Лондонго барган. Делегациянын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков жана каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев бар.

Иш-сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулардан сырткары ири банк корпорациялардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен кеңешмелер өтөрү кабарланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эдил Байсалов

Комментарийлер

live comments feed...