• Башкы бет
  • Бишкек милициясы мектептерде бомба коюлганы боюнча маалыматты жокко чыгарды
13:01, 2022-ж., 9-декабрь

Бишкек милициясы мектептерде бомба коюлганы боюнча маалыматты жокко чыгарды

Бишкек милициясы мектептерде бомба коюлганы боюнча маалыматты жокко чыгарды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тарап жаткан калаадагы ондой мектепте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка туура келбейт деген маалымат таратты.

Милициянын кабарлашынча, 9-декабрда саат 8:25 чамаларында №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу 102 кызматына анонимдүү маалымат түшкөн. Милициянын ыкчам тобу барып мектепти курчоого алып, окуучулар жана мугалимдер имараттан чыгарылган.

Мэриянын басма сөз кызматы эч кандай жардыруучу зат табылбаганын маалымдады.

Kaktus.media басылмасы шаардагы 11 мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуация болгонун жазды.

Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептердин баары 9-10-декабрь күндөрү онлайн окутууга өткөнүн кабарлады. Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелердин баарына бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук транспорттордун каттамдары чектелгенинен улам кабыл алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек

Комментарийлер

live comments feed...