• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэриясы радио жана телевидение кызматкерлерин сыйлады
17:32, 2022-ж., 8-декабрь

Ош шаарынын мэриясы радио жана телевидение кызматкерлерин сыйлады

Ош шаарынын мэриясы радио жана телевидение кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарынын мэриясында Редио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү. Ош шаарынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан бул тармактын өкүлдөрүн мэр Бакытбек Жетигенов куттуктады.

Калаа башчы өз сөзүндө сыймыктуу жана түйшүктүү кесип ээлеринин эмгегине токтолуп, мындан ары да чыгармачылык жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди.

Мэрия менен тыгыз кызматташып, Ош шаарынын турмушун жакшыртууга кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлер сыйланышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...