• Башкы бет
  • Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон сапары жылды
17:29, 2022-ж., 8-декабрь

Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон сапары жылды

Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон сапары жылды

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылганын билдирди.

Ага ылайык, коңшу мамлекеттин башчысы Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин келет. Мындай чечим эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

«Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет«,-деп айтылат маалыматта.

9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Жыйында биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ТИМ

Комментарийлер

live comments feed...