• Башкы бет
  • Июнь окуясы боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө
17:23, 2022-ж., 8-декабрь

Июнь окуясы боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө

Июнь окуясы боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө

Июнь окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланып жатат. 8-декабрдагы отурумда коомдук ишмер Эмил Каптагаев күбө катары көрсөтмө берди.

Отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышты. Адвокат Сергей Слесарев ал ден соолугуна байланыштуу сотко келе албастыгын билдирди. Судья Чыңгыз Бердимуратов Атамбаев зарыл учурда сотко алынып келинерин айтты.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Июнь окуясы

Комментарийлер

live comments feed...