• Башкы бет
  • Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирүүдөн баш тартты
17:17, 2022-ж., 8-декабрь

Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирүүдөн баш тартты

Өзбекстан Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирүүдөн баш тартты

Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр. Бирок Москва сунуштаган Орусия жана Казакстан менен газ бирикмесине кирбейт. Reuters басылмасы билдиргендей, бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов айтып чыкты, деп жазат "Азаттык".

Министрдин сөзүнө караганда Ташкент “эч качан газдын ордуна саясий шарттарга барбайт”.

“Биздеги суроо-талапты жабуу үчүн, ички керектөөнү камсыздоо жана бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн, биз кандайдыр бир альянс же союз аркылуу эмес, коңшу өлкөлөрдөн газды же электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Мында биз өзүбүздүн энерго түйүндөрдү берүү аркылуу эмес, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен коммерциялык келишимдин, алып-сатуунун негизинде сүйлөшүү өткөрүп жатабыз”.

Reuters басылсасы белгилегендей, суук кышта Өзбекстанда быйыл күйүүчү отундардын жетишсиздиги байкалды жана Кытайга экспорттоочу газдын бир бөлүгүн токтотууга аргасыз болду. Өлкө бийлиги башка мамлекеттер менен жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бул мамлекет ошондой эле суюлтулган газды сыртка экспорттоого тыюу салды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзбекстан

Комментарийлер

live comments feed...