• Башкы бет
  • Ошто окуучулар арасындагы аскердик мелдеш жыйынтыкталды
12:47, 2022-ж., 7-декабрь

Ошто окуучулар арасындагы аскердик мелдеш жыйынтыкталды

Ошто окуучулар арасындагы аскердик мелдеш жыйынтыкталды

Ош шаарында жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү боюнча уюштурулган “Ак шумкар” аталышындагы сынак жыйынтыкталды.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, шаардык ички иштер башкармалыгынын баңги затына каршы күрөшүү бөлүмүнүн, шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардык аскер комиссариатынын, Ош гарнизонунун өкүлдөрү, аксакалдар катышты.

Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитети менен мэриянын Дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурган иш-чараларга шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Жигиттер аскердик күжүрмөн даярдык, автоматтарды чачуу жана жыйноо, спорттук оюндар, кичи калибрлүү мылтыктардан атуу боюнча күч сынашты.

Мелдеш бир ай аралыгында шаардын бардык мектептеринде өткөрүлүп, финалдык бөлүгүнө 8 команда тандалып алынган.

Жыйынтыгы боюнча төмөнкү мектептер жеңүүчү деп табылды:

1-орун - №32 Ж.Мамытов атындагы мектеп

2-орун - №3 М.Ломоносов атындагы мектептин командасы

3-орун - №50 П.Нышанов атындагы мектептин командасы

3-орун - №16 мектептин командасы

Сынактын жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...