• Башкы бет
  • Этникалык кыргыздардын жашоосун жактыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды
12:29, 2022-ж., 7-декабрь

Этникалык кыргыздардын жашоосун жактыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Этникалык кыргыздардын жашоосун жактыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Этникалык кыргыздардын жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинин кезектеги отурумунда 6-декабрда каралды. Ага ылайык, “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам долбоорун депутаттар тобу жана өкмөт демилгеленген. Эми ал парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын өркүндөтүүгө, азыркы мыйзамдын кемчиликтерин жоюуга, этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды каттоо системасындагы маселелерди чечүүгө, этникалык кыргыздарды жана аларды кабыл алуу шарттарын жакшыртууга багытталганы белгиленди.

Кыргызстанда жалпы 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилгенин быйыл 20-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирген. "Кайрылман" макамын алгандардын көбү Өзбекстандан келгендер.

Башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын 10 миңдей документи жок жүргөнүн депутат Жанарбек Акаев айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Этникалык кыргыздар

Комментарийлер

live comments feed...