• Башкы бет
  • Ош шаарынын көчөлөрүнө кум-туз аралашмасы себилүүдө
15:28, 2022-ж., 6-декабрь

Ош шаарынын көчөлөрүнө кум-туз аралашмасы себилүүдө

Ош шаарынын көчөлөрүнө кум-туз аралашмасы себилүүдө

Ош шаарында кар жаагандан кийин тайгак болгон жолдорго кум-туз аралашмасы чачылып баштады. Бул иштер “Ош Тазалык”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты”, шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Алгачкы кар жааганда эле Ош шаарындагы көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөк менен жүргөнү белгилүү болду. Айдоочуларды автоунааларынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну жана унаа башкарууда эрежелерди сактоосун эскертебиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...