Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Калаа тургундарын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардын вице-мэрлери, мэриянын аппарат жетекчиси, бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, МАБдардын жетекчилери менен бирге кабыл алды.
Жарандар муктаж болгондорго материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү, айрым долбоорлорго уруксат алуу, ипотекалык программага катышуу, документ маселелери менен кайрылышты.
Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар коюлду.
Комментарийлер