• Башкы бет
  • Башкы прокуратура Жогорку сотко депутат боюнча өтүнүч келтирди
15:23, 2022-ж., 6-декабрь

Башкы прокуратура Жогорку сотко депутат боюнча өтүнүч келтирди

Башкы прокуратура Жогорку сотко депутат боюнча өтүнүч келтирди

Башкы прокуратура Жогорку сотко парламент депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу «Т-Медиага» башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов билдирген.

Анын сөзүнө караганда, өтүнүч бүгүн, 6-декабрда жөнөтүлдү. Мунун себебин ал Жамгырчиевге карата жаңы ачылган жагдайларга байланыштырды.

2020-жылдын октябрь айында Эмил Жамгырчиев пара алууга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылы анын иши Биринчи май райондук сотунда каралып, акталган. Райондук соттон Жамгырчиев казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Башкы прокуратура

Комментарийлер

live comments feed...