• Башкы бет
  • Экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды
15:09, 2022-ж., 6-декабрь

Экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды

Экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 6-декабрдагы жыйынында президенттин жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды. Мыйзам долбоорунун автору, депутат Жеңишбек Токторбаев анда экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу сунушталганын билдирди, деп жазат "Азаттык".

Документте жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тартып экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган.

Андан тышкары мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлерди коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

Комиет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Экс-президенттер

Комментарийлер

live comments feed...