14:21, 2022-ж., 5-декабрь
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму "Манас" театрына автомашина тапшырды

Кыргыз улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда «Айкөлдүн аманаты» аталышындагы драмалык спектаклди көрсөттү.
Спектакль 4-декабрь «Манас» күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында тартууланды.
Эмгек Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү манасчы, драматург жана төкмө акын Табылды Актановго таандык.
Иш-чарада бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери, «Манас» театрына ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа тапшырылды.
4-декабрда Кыргызстанда «Манас» күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:10
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер