• Башкы бет
  • Оштун туристтик операторлору Ташкенттеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты
14:18, 2022-ж., 5-декабрь

Оштун туристтик операторлору Ташкенттеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты

Оштун туристтик операторлору Ташкенттеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты

Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен жергиликтүү туристтик операторлор Ташкент эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине катышууда.

Ош шаарында туризм тармагында иш жүргүзгөн “Улуу Жибек жолунун туроператорлор Ассоциациясынын» төрагасы Эрнис Алайчиев, «Мундуз Турист” компаниясынын башкы директору Умардин Ёсиддинов жана бир катар туристтик бизнестин өкүлдөрү Ташкент эл аралык туристтик жарманкесине катышууда. Жарманке 30-ноябрдан 2-декабрга чейин деп белгиленген.

Туристтик жарманкенин алкагында Ош шаарынын туристтик дараметин даңазалап, 20дан ашык жаңы өнөктөштөр менен келишимдерди түзүүгө жетишишти.

Ошондой эле Ош шаарындагы “Даяр” фирмасы даярдаган улуттук тамак-аш, азыктар көргөзмөсү уюштурулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Туристтик операторлор

Комментарийлер

live comments feed...