• Башкы бет
  • Кыргызстанда былтыркы жылы жакырчылык мурдагы жылга салыштырмалуу 8%га өскөн
12:53, 2022-ж., 3-декабрь

Кыргызстанда былтыркы жылы жакырчылык мурдагы жылга салыштырмалуу 8%га өскөн

Кыргызстанда былтыркы жылы жакырчылык мурдагы жылга салыштырмалуу 8%га өскөн

Кыргызстанда жакырчылык көрсөткүчү 2020-жылга салыштырмалуу былтыр 8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөдө жалпысынан өткөн жылы 2 млн 244 миң адам жакыр жашаган. Алардын 63%ы айыл калкы. Статистикалык маалыматка караганда жакырчылыкта жашаган жарандар бир жылдык керектөө чыгашаларына 45 миң 800 сом коротот.

Ал эми, өтө жакыр жарандардын жылдык чыгашасы 30 миң 536 сом. Башкача айтканда алар айына 2 миң 544 сом менен күн кечирет. Бул күнүнө 84 сом жумшоо дегендик. Мындай каражат менен жашагандардын саны 407 миң киши. Анын 55%ы айыл калкы.

Баткен облусунда жалпы калктын 40%ы, Жалал-Абадда 43%ы, Ысык-Көлдө 38%ы, Нарында 39%ы, Ош жана Таласта 23%ы, Чүйдө 36%ы жакыр жашайт.

Бишкек шаарынын калкынын 36%ы, Ош шаарынын 28%ы бюджети тартыш жашагандар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук статистика комитети

Комментарийлер

live comments feed...