• Башкы бет
  • Бишкекте "Кыргызстан-Өзбекстан" бизнес-форуму өтөт
12:46, 2022-ж., 3-декабрь

Бишкекте "Кыргызстан-Өзбекстан" бизнес-форуму өтөт

Бишкекте "Кыргызстан-Өзбекстан" бизнес-форуму өтөт

9-декабрда Бишкекте «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар агенттиги билдирди.

Форум айыл чарба, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу, жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууга аянтча болот.

«Делегациянын кеңири курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн арасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берилген», — деп айтылат улуттук инвестициялык агенттик тараткан маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-өзбек бизнес-форуму

Комментарийлер

live comments feed...