• Башкы бет
  • Белгилүү казакстандык медиамагнаттын баласы сулуулук салонунда иштеген жигит менен баш кошту
13:50, 2022-ж., 2-декабрь

Белгилүү казакстандык медиамагнаттын баласы сулуулук салонунда иштеген жигит менен баш кошту

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Белгилүү казакстандык медиамагнат Мирболот Кунанбаевдин баласы Айдар Кунанбаев Рафаэль Кастро де Мескит аттуу жигитке баш кошту, деп жазат Vesti.kg.

Салтанатта тартылган видео жаңы үйлөнгөндөрдүн социалдык тармактардагы аккаунттарына жарыяланды. Анда үйлөнүү үлпөт тоюу абдан кылдаттык менен даярдалганын көрсөтүлүп турат. Салтанат Лондондогу Cafe Royal мейманканасында уюштурулган. Видеодо көрүнүп тургандай ондогон коноктор, алардын арасында Мирболот Кунанбаев жана жубайы да бар.

Майрамдык программада күйөө балдардын тулку боюндай торт, оркестр, дин кызматкери жана жаштардын биринчи бийи камтылган.

Мирболот Кунанбаев казакстандык белгилүү журналист жана медиаменеджер.Ал 1991-жылы Актөбөде "Рика ТВ" телеканалын негиздеп, 2002-жылы Наталья Бандаровскийге саткан. Кийинчерээк Астанада "Эра" телеканалын ачып, аны да саткан.

Мирболот Кунанбаевдин күйөө баласы Лондондогу сулуулук салондордун биринде стилист болуп иштегени менен белгилүү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мирболот Кунанбаев #Айдар Кунанбаев

Комментарийлер

live comments feed...