• Башкы бет
  • "Бүтүн Кыргызстандын" үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду
13:15, 2022-ж., 2-декабрь

"Бүтүн Кыргызстандын" үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду

"Бүтүн Кыргызстандын" үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган партиянын парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси — Айпери Кулмурзаева, фракциянын катчылыгынын эксперти – Айгерим Алибаева жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы Азамат Муратбек уулу кызматтарына орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

«Айпери Кулмурзаевага, Айгерим Алибаевага жана Азамат Муратбек уулуна кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Айпери Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бүтүн Кыргызстан #УКМК

Комментарийлер

live comments feed...