• Башкы бет
  • Президенттин катышуусунда футбол мелдеши өтөт
13:08, 2022-ж., 2-декабрь

Президенттин катышуусунда футбол мелдеши өтөт

Президенттин катышуусунда футбол мелдеши өтөт

14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Турнир быйыл экинчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Ага депутаттар, футбол ардагерлери, журналисттер, дин өкүлдөрү, судьялардан турган 16 команда катышат.

Президенттин командасы;

Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”

Белгилүү ишкерлер — “Бизнес”

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”

Футбол ардагерлери – “Алга”

Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»

Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»

Дин өкүлдөрү – “Ыйман”

Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”

Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»

Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”

Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»

Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»

Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.

Иш чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Биринчи турнир 4-5-майда өтүп, президенттин администрациясынын командасы биринчи орунду жана 1 млн сомдук сертификатты жеңген. Ал каражат кайрымдуулукка жумшалганы айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мурас #Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...