14:47, 2022-ж., 1-декабрь

Катар-2022: Плей-оффко 10 команда чыкты

Катар-2022: Плей-оффко 10 команда чыкты

2022-жылы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыккан командалар белигилүү болду.

30-ноябрдагы беттештерден кийин 1/8 финалга Австралия, Аргентина жана Польшанын командалары өттү.

Буга чейин Франция, Бразилия, Португалия, Голландия, Сенегал, Англия жана АКШнын командалары плей-оффко чыгышкан.

1/8 финалда Голландия Америка, Ангилия Сенегел, Аргентина Австралия, Франция Польша менен оюн өткөрөт.

Башка командалардын атаандаштары азырынча аныктала элек.

Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы 2-декабрда жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Катар-2022

Комментарийлер

live comments feed...