• Башкы бет
  • Садыр Жапаров Кытайдын мурдагы лидеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты
14:44, 2022-ж., 1-декабрь

Садыр Жапаров Кытайдын мурдагы лидеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Кытайдын мурдагы лидеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн мурдагы төрагасы Цзян Цзэминдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Анда айтылгандай, Цзян Цзэминь мамиледеги кытай элинин жана мамлекетинин тарыхында терең из калтырып кетти. Анын жетекчилигинде Кытай дүйнөлүк аренада экономикалык өсүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишип, саясий, экономикалык жана аскердик потенциалын бекемдеди. Өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуп, Кытайдын жаңы тарыхында биринчи жолу Пекинде Олимпиада оюндарын өткөрүүгө жолдомо утуп алды жана башка жетишкендиктер болду.

«Кытай менен мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн ортосунда көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелери ийгиликтүү чечилип, кийин динамикалуу өнүгүп жаткан уюмдардын бири — Шанхай кызматташтык уюмуна айланган “Шанхай бешилтиги” түзүлдү.

Цзян Цзэминь кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелеринин башында турган. 1996-жылдын июль айында Цзэминь Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны эки элдин ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсүнө айландырууга негиз болгон кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюлган» , — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Кытайдын мурдагы лидери Цзян Цзэмин 30-ноябрда 96 жашында көз жумду. Кытайлык басылмалардын маалыматына караганда, ал 1993-2003-жылдары Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп эмгектенген.

Кытайды 2013-жылдан ушул убакка чейин Си Цзиньпин жетектейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...