• Башкы бет
  • Болот Темировдун Кыргызстандан алган паспорту жараксыз деп табылды
14:29, 2022-ж., 1-декабрь

Болот Темировдун Кыргызстандан алган паспорту жараксыз деп табылды

Болот Темировдун Кыргызстандан алган паспорту жараксыз деп табылды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кыргыз жарандыгынын жоктугунан Орусияга депортацияланды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин 30-ноябрдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Депутат Абдиевге «Болот Темиров Кыргызстандын жараныбы?» деген суроо узатты.

«Ал эми Болот Темиров боюнча соттун чечими чыккан. Анын Кыргызстанда алган паспорттору тергөө иштери тарабынан мыйзамсыз, жараксыз деп табылды. Ал кыргыз жараны эмес. Ал Кыргызстанда төрөлгөн. Бирок кичинекей кезинде Орусияга көчүп кеткен экен. Ошол жактан паспорт алган», -дейт Абдиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##ИИМ #Болот Темиров

Комментарийлер

live comments feed...