• Башкы бет
  • Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын 3 кызматкери аны алып кетип, сурак кылганына нааразы болду
14:13, 2022-ж., 1-декабрь

Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын 3 кызматкери аны алып кетип, сурак кылганына нааразы болду

Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын 3 кызматкери аны алып кетип, сурак кылганына нааразы болду

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы отурумунда депутат Шайлообек Атазов «элден түшкөн арызды Башкы прокуратура карап койсун» деген сөзү үчүн көзөмөл органынын үч кызматкери келип суракка алып барганын билдирди. Ал прокуратуранын бул кадамын мыйзамсыз деп атады.

Атазов өз дарегине шайлоочулардан прокуратура кызматкерлерине нааразычылык айткан каттар келип жатканын кошумчалады.

«Депутаттарды иш бөлмөсүнө келип, үч прокурор алып кетип жатат. Биз эмне Батукаевбизби? Же 2010-жылы элди кырган Кадыржан Батыровбузбу? Биз шайлоочулардын укугун коргоп жатабыз, мыйзамдуу мамлекетте жашайлы деп жатабыз. Биз ага арданбайбыз, бирок Конституция бузулуп жатат. Биз мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз. Коопсуздук, келечек үчүн президенттин саясатын колдоп атабыз. Мен Дордойдогу контейнерден ишкердин 120 миң доллар алганын айттым эле. Ал үч жолу айыл өкмөттө соттолгон шылуун экен. Прокуратура аны кечээ күнү эле кечке чейин таап келе турган болушту. 24 миң доллар алган (Жаныбектики) боюнча чакырып, арыз жаздырып, ишти баштады. Жалал-Абаддын Сузагындагы инвесторду Өзбекстанга кууп жиберип, өздөрү басып алгандар «480 миң доллар беребиз деп убадасын беришиптир. Бул бир айдан бери Камчыбек Ташиев киришип, УКМК, Башкы прокуратура жана Сузак райондук прокуратурасы биргелешип иштеп жаткан иш болчу. Ушул иштер боюнча депутаттар көтөргөндөн кийин иштеш керек беле? Ошону өз учурунда эле аткара беришсе болбойбу? Мага түнү менен элден прокуратура кызматкерлеринин ишине нааразы болгон пачкалаган каттар келип түштү».

Депутат Камила Талиева кесиптештеринин суракка чакырылышын аша чапкандык деп баалады. Ал депутаттар айткан пикирлери үчүн куугунтукка алынбашы керек дейт.

«Биз Конституция менен жашаган мамлекетпизби? Баш мыйзамды окуп, беренелерин карап коюшса болмок. Мыйзамда, регламентте дагы «депутаттар сүйлөгөн сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка алынбашы керек» деп жазылып турат. Эгерде прокурорлорго маалымат керек болсо, келип эле кабинетинен алып кетишсе болмок. Мындай претендент эми кайталанбашы зарыл. Ошондуктан буга саясий жана мыйзамдык баа берип коёлу. Менин оюмча бул аша чапкандык болуп жатат», — деди Талиева.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Шайлообек Атазов

Комментарийлер

live comments feed...