• Башкы бет
  • Ошто мыйзамсыз өздөштүрүлгөн 5 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
11:43, 2022-ж., 30-ноябрь

Ошто мыйзамсыз өздөштүрүлгөн 5 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ошто мыйзамсыз өздөштүрүлгөн 5 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош облустук прокуратурасынын доо арызынын негизинде Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз өздөштүрүлгөн 50 сотых жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу облустук прокуратура маалымдады. 

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-октябрындагы 5 мыйзамсыз токтому менен, жарандарга Кызыл-Мээнет айылынан айыл чарба багытындагы 0,05 га 5 жер тилкеси жалпысы 0,25 га жер аянтына турак үй куруу үчүн жеке менчикке ажыратылган. Аталган мыйзамсыз токтомдордун негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан жер тилкелерине карата жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилип кеткен.

Буга байланыштуу Ош областынын прокуратурасы тарабынан сотко белгиленген укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча доо арыздар келтирилген. Соттун чечимдери менен жогорудагы мыйзамсыз укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер жараксыз деп табылган.

“Түштүк жер реформа” ЖЧКнын баалоо корутундусуна ылайык, жогорудагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет айылындагы 0,25 га жер тилкесинин базар баасы 4 585 000 сомду түзгөн.

Учурда базар баасы 4 585 000 сомду түзгөн айыл чарба категориясындагы 5 жер тилкеси толугу менен Нариман айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Ош облустук прокуратурасы

Комментарийлер

live comments feed...