• Башкы бет
  • "Жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келем": Чыңгыз Айдарбеков билдирүү таратты
11:29, 2022-ж., 30-ноябрь

"Жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келем": Чыңгыз Айдарбеков билдирүү таратты

"Жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келем": Чыңгыз Айдарбеков билдирүү таратты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков ден соолугу боюнча пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жакка кеткенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал өзү үчүн кабатыр болгон жана колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келерин билдирген.

«Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем», -деди Айдарбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Чыңгыз Айдарбеков

Комментарийлер

live comments feed...