• Башкы бет
  • Жалал-Абад облусунун тургундары 18 кг маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды
11:25, 2022-ж., 30-ноябрь

Жалал-Абад облусунун тургундары 18 кг маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун тургундары 18 кг маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун 63 жана 54 жаштагы тургундары жалпы салмагы 18 киллограмдан ашуун маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Кармалгандар атайын кызматтын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 27-ноябрда Ош шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Маңзат #УКМК

Комментарийлер

live comments feed...