• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды
11:09, 2022-ж., 29-ноябрь

Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

Ош шаарынын жаңы мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапараов кол койгону 29-ноябрда маалымдалды. 

56 жаштагы Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Былтыр 26-ноябрда бийликти басып алууга аракеттенген деген шек менен кармалган. Кийин депутаттык комиссия ал мыйзамсыз кармалган деген бүтүмгө келип, Бишкек шаардык соту депутатты эркиндикке чыгарган.

Оштун буга чейинки мэри Алмаз Мамбетов кызматкы былтыр августта келген. 2018-жылдан 2021-жылы калааны Таалайбек Сарбашев башкарып турган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Бакытбек Жетигенов

Комментарийлер

live comments feed...